Сузактагы кыз ала качууга аракет жасоо фактысы боюнча иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 1996-жылы туулган Кыязбек кызы Бегимай кайрылган. Анда ал 14-февраль күнү чала тааныш эки бала колун кайрып, ала качууга аракет жасашканын айткан. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.