"Бүгүн менин уюлдук телефонума президенттик аппарат уюштурган акциянын жеңүүчүсү экеним тууралуу СМС-кат түштү. Анда "Урматтуу кардар! Сиздин номериңиз "Жеңүүчү" (президенттик аппараттан) болуп, сиз 50 миң сом жана 380 долларлык ноутбук утуп алдыңыз! Куттуктайбыз!" деп жазылган. Аталган мекеме чынында эле акция уюштуруп жатабы?"- деп кайрылды бүгүн, 23-февралда SUPER.KG порталына окурман.
Буга президенттик аппараттын басма сөз кызматы "эч кандай акция өткөрүлгөн эмес" деп жооп берип, алдамчылардан сак болууга чакырды.
Айта кетсек, буга чейин алдамчылар Бишкектин мэриясынын атынан да жалган "акцияларды" өткөрүп жаткандыгы тууралуу маалымат
чыккан. Мэрия
мындай алдамчыларга туш болгондорду 102 номерине чалып, милицияга кабарлап коюуну суранган.