“Ак-Толкун” мамлекеттик ишканасынын директоруна издөө жарыяланды

“Ак-Толкун” мамлекеттик ишканасынын директоруна издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын ноябрь айында аталган ишкананын директору К.Б.Кыдыкбаевге “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “кызмат абалынан пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал “ТМ 1000/10 үлгүсүндөгү иштеп жаткан төрт трансформаторду керектен чыгарып, 1 миллион 220 миң сомго сатып жиберген” деп айыпталууда. Учурда Кыдыкбаев тергөөдөн качып жүргөндүктөн, ага сыртынан айып тагылып, издөөгө алынган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан