Биз социалдык тармакта

Депутат Токтогулда бийик тоолуу аймактарга кошулбай калган айылдарды атады 

Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев парламенттин 30-сентябрдагы жыйынында Токтогул районундагы бийик тоолуу аймактардын тизмесине кирбей калган айылдарды атады.

Аталган айылдардын тургундары эл өкүлүнө кайрылып, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн.

"Бийик тоолуу аймактардын тизмесине Сары-Камыш айыл аймагынын Бирлик айылынын жарымы кирип, жарымы кирбей калган. Ал эми Элмирбек Иманалиев айыл аймагынын Бел-Кара-Суу, Бууракан, Ак-Жар, Шайык, Аң-Арык, Көк-Таш, Коңур-Өгүз, Чеч-Төбө, Ничке-Сай, Чоргочу айылдары кирбей калган. Мурда булар тизмеге кошулуп турган.

Ал эми Кара-Көл шаары мурда барууга алыс, кыйын болгон аймакта турган. Булардын баары буга чейин жеңилдетилген пенсияга коэффценттерди алып турушкан. Азыр албай калышты",- дейт депутат.

Эл өкүлү мекемелер аралык комиссиядан аталган айылдарды жеринде текшерип келүүнү суранды.

Борбиев: "Бийик тоолуу аймактардын тизмесинне кирбеген айылдарды көрүп келгиле"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан