Майлуу-Суу шаарында мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 24-февраль күнү милиция кызматкерлери тарабынан 25 жаштагы Б.Д. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан ИЖ-16 үлгүсүндөгү ок атуучу курал алынган. Жаранда уруксат берүүчү эч кандай документтер болгон эмес. Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүүдө.