Ак-Жол айылында табылган эшек этинин Бишкектеги чайканаларга таратылып жатканы боюнча факт катталган эмес

Ак-Жол айылында табылган эшек этинин Бишкектеги чайканаларга таратылып жатканы боюнча факт катталган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, азырынча “эшек эти чайканаларга таратылып жатат” деп айтуу эрте. Буга чейин мындай факт катталган эмес. Бирок аталган айылдан эшек эттеринин табылганы чын. Ал боюнча материалдар топтолуп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул факт боюнча кылмыш иши козголо электигин билдиришкен.

Ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык, эшек этин тамак ичүүчү жайларда колдонууга болбойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sterva
2015-02-25 13:50:49
Бирок элдер кафе-чайханалардан тамактангандан коркуп калышты.Эгер эшек этин ал жактарга таратышкан мес болсо дагы,подозрение болуп кала берет,ишениш жок деп.Банкрот кафе чайханалардын ээлерине...
+1
april
2015-02-25 14:30:10
ооз менен эле айтылган создорго ким ишенмек. ошол жердин ээсин, ошо жерде иштегендерди сурака алыш керек го.
0
realliver
2015-02-25 14:32:22
april, аларды суракка алганда моюнуна алышмак беле. "Ооба колдончубуз" десе олду да бизнеси
0
Aidar.001
2015-02-25 21:13:58
Оздору жемек беле анан?,адамдарды эшек мээ кылганы калышкан экен да булар!!,тапкан акчанар да арамга айлансын эшек бизнецмендер!!!
0
shamalchanin
2015-02-27 11:12:06
колбаса халал деп жасащкан болуш керек бу жаныбардын этинен.. сиздер менен мен эч нерсени билбейбиз да,, биле да албайбыз эми.. бул иш ушуну менен жабылат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан