Бүгүн, 25-февралда саат 12:45 чамасында Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Жыргалаң айылынын тоолорунда кар көчкү жүргөн. Анын кесепетинен Орусиянын жараны Вера Кусакова (болжол менен 30 жашта) кар астында калып каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Кар көчкү түшкөн жерге ӨКМнын куткаруучулары барышып, кардын астында калган адамдын жансыз денесин табышкан жана Каракол шаарындагы өлүк сактоочу жайга жеткиришкен. Окуя боюнча кошумча маалымат берилет.