Орусияда кыргыз жаранын белгисиз эки адам бычактап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 23-февралга караган түнү Санкт-Петербург шаарында болгон. Анда белгисиз эки адам 50 жаштагы кыргыз жаранын бычактап кетишкен. Жабырлануучу алган жараатынан улам каза тапкан. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделүүдө.