Орусияда зордуктоого шектелген кыргыз жараны 11 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 2013-жылдын октябрь айында Калининградда болгон. Анда айыпталуучу жашы жете элек кызды күч колдонуп, унаасында зордуктаган. Мындан улам кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргөн. Ал эми Москва райондук соту кыргыз жаранын 11 жылга эркинен ажыраткан.