Борбор калаада уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жаран анын унаасынын айнегин талкалап, ичиндеги буюмдарды алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 43 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.