Кемин райондук сотунда Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө шектелген милиция кызматкерлеринин соту болууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда айыпталуучу тараптын жакындары билдиришти.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын 1-декабрында милиция кызматкерлери Чаек айылынын тургуну А.Мамбеталиевди катуу сабап салышкан. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болуп калган. Бул окуя “Кара-Кече” көмүр кенине кире бериш жерде болгон. Прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кочкор РИИБинин кызматкерлери Ж.С., Р.Т. жана Нарын ОИИБинин кызматкери Ч.Б. кылмышка шектелип кармалышкан. Ал эми 2014-жылдын 20-февралында Жумгал районунда алардын соту болуп жаткан учурда баш аламандык чыгып, маркум А.Мамбеталиевдин жакындары күнөөлүүлөрдү жазалоого өтүшкөн. Анын кесепетинен эки милиция кызматкери сабалып, бири сууга ыргытылган. Бул боюнча да кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган эле.