Бишкекте "9 миң долларга жакын акчаны алып, изин суутуп кеткен" деп шектелген жаран кармалды

Борбор калаада "9 миң долларга жакын акчасын алып, изин суутуп кеткен" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал Санжар аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен 8750 доллар акчасын алып, изин суутуп кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы жаран кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан