Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 12 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Борбордогу Керамическая көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 200 чарчы метр турак үйдүн чатыры, 3 эшик, 4 терезе, диван, үйдүн жанында турган жыгач курулуш чарба жана мотоцикл толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Ош шаарындагы Белинский көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анын кесепетинен бөлмөнүн ичиндеги жууркан-төшөктөр жана тиричилик техникалары күйүп кеткен. Учурда өртүн келип чыгуу себеби такталууда.