Ошто сот залынан 15 жылга эркинен ажыратылган айыпталуучу качып кетти

Ошто айыпталуучу сот залынан качып кетти. Учурда ал Бишкекте болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. 
"Бул окуя кечээ саат 16:45 чамасында болду. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатын мыйзамсыз сактоо, колдонуу, ташуу, өндүрүү жана сатуу) менен айыпталып, соттун чечими менен эркинен 15 жылга ажыратылган К.Манап сыртка чыгууга суранып, качып кеткен. Учурда аны издөө иштери улантылууда. Ал тууралуу тиешелүү маалыматтар өлкө аймагына таратылды. Бул окуяга байланыштуу "Сирена" операциясы жарыяланды",- дейт Ж.Ашырбаев.
Сот залынан качып кеткен айыпталуучу кармалса, мыйзамга ылайык, ага абактан качканы үчүн дагы бир кылмыш иши козголот.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (37)
kerakg
2015-02-26 13:32:13
пулун болсо кулунмун дегендей, самолет менен деле узатып жатпайбы, ага караганда качып жоо кетиптир го.
+2
Aidar.001
2015-02-26 13:41:32
Канча акча мн качты кылышты экен,эшек этин жеп кеткен го сот окулдору да.
+5
alas
2015-02-26 14:37:22
Буну дагы беларусьянын приздентинен сурангыла ошол жакка качып кеттсе анан элге актанкыла бербейтат деп озунор качырып жибергенинер менен ишинер жок, бирок жакшы жомок экен балдарды алдаганы
0
Aylin.91kg
2015-02-26 14:50:39
Тообо бир каткырып алдым, ушундай да болобу? Оздору эле уюштурса кк буну да!
0
paula.90
2015-02-26 15:06:48
Бул сенарийди менттер оздору тузушконда,акчасын алышканда, коюп жиберишкен барып тирчилигини кыла бер деп, АША корупцияны туп тамыры мн жок кылбай эле кайра ушул келгенден бери мамлекет онукпой эле корупцияны онуктурудо.
-1
sharolli
2015-02-26 15:19:24
мына сага живой анегдот... Койгулачы элди тупой кылбагылаяы ичинди эзетта :))))))))
0
Bektur2
2015-02-26 15:40:22
Шумдугун кургуур жанындагы конвойлор эшек такалап журушобу сот да кызык го эптеп кармап келген адамды руксат берип чыдай тур зонадан калашынча барасын дебейби. Колго тушкон коенду качырып ийген онобу дейт го кыргызда
0
Adiko..91
2015-02-26 16:50:10
Кызык биздикилер уят апенди да карап турмак андай мезгилде бул да болсо шалакылыктын айынагоо туурабы же корупця экоонун биросу бул андан башка болушу мумкун эмес сот залында болуп жатат болгондо даа аттин ай деп кана кала беребиз бирок биз ишенген адамдар ушундай болуп жатса анда билбейм бизден кийинки муундарга кандай нерсе таштап кете алабыз тартипти чындыкты кучотуу керек эн керектуусу мекенимди коргошум керек деген ой биринчиден ар бир КР дин жаранында болуш керек.
0
islamidin
2015-02-26 17:14:13
атайын случайны дейт мындайды.
0
buran12
2015-02-26 18:18:43
Жакшы анегдот болуптур
0
Dashi
2015-02-26 18:18:55
Бакиев куноолу!!!Минскте жон жатпай чаеыршандыр да)))
0
baba.
2015-02-26 18:23:39
Ха-хааа качып кетти деп жар салышканын дагы.Чамасы чондорго подарок кылып наркотик берип койгонда анан залдан качасын деп тыянак чыгарышкан.
0
nurkasym-2014
2015-02-26 21:29:10
Колунда кишен болсо,сот учурунда тордун ичинде болсо анан кандай качат? Бул жон эле алдын ала тузулгон план менен болгон окуя. Же болбосо соттон качты деген бул жомок.
0
Sadyrov_n93
2015-02-26 21:57:57
Ошол акмак шалаакы соттордун оздорунун устунон иш козгош керек.
0
Aigul2001
2015-02-27 01:02:54
Ха-ха -ха боорум эзилгенче кулдум,,,,,:-S
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан