Жайыл районунда "мектеп окуучуларына "салык" салып жүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен окуучулардын биринин апасы кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар анын уулуна "салык" салып, миң сом алып келишин талап кылып жатышканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 19 жаштагы жаран кармалды. Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени аныкталууда.