Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча күбөгө көрсөтүлгөн сүрөттөрдүн арасындагы казак министринин сүрөтү талкуу жаратууда

Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча күбөгө көрсөтүлгөн сүрөттөрдүн арасындагы Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын сүрөтү интернеттеги социалдык тармактарда талкуу жаратууда. Ал эми Ички иштер министрлиги болсо сүрөт Жаныш Бакиевге окшош адам катары интернеттен алынып коюлганын билдирди.  

Айта кетсек, 25-февраль күнү интернетке Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча күбө катары суралып жаткан Гүлжигит Абилазизовдун көрсөтмөсүнүн видеосу тараган. Анда кылмышкерди таануу үчүн Жаныш Бакиев менен бирге көз айнек тагынган эки адамдын сүрөтү көрсөтүлгөн. 

Анапияевдин жанында жүргөн жигиттин көрсөтмөсү - 2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
bakyt_2015
2015-02-26 12:05:40
Казак министиринен башка очкичен адам калбаптырбы кызыксынар го. Эми ага да жооп бериш керек болбойбу?
+1
emin
2015-02-26 12:16:08
Гулжигит Жаныш Бакиевди тааныбаганы кызык экен,
+2
aibi8984
2015-02-26 12:16:58
Гулжигитке аябай жаттатып коюшканго корсотмо бергенге чейин, азыркы маалда 4 жашар бала да тааныйт Жанышты!
+1
Ergeshev.77
2015-02-26 12:37:24
aibi8984, билесинби ушундай адамдар бар телевизордон жанылык корбойт гезитти колуна албайт укса уккандыр жанышты суротун корбосо керек
-2
uz.nookat
2015-02-26 13:39:33
Ergeshev.77, андай адамдар жер бетинде калбадыго
+2
elif
2015-02-26 12:19:56
Кызык го кубо катары деп эле интернеттеги ар суротту корсото бериш керекби?Ж.Бакиевдин озунун суротун корсоткуло да,ойун ойногондой эле болуп калыптыр,ишинерге маани берсенер...
+1
jetigen90
2015-02-26 12:29:22
калп бул баланы жон эле даярдашкан. Окшошпой калыптыр. Жаныш Бакиевти кантип тааныбасын.
+1
marmilantka
2015-02-26 12:39:57
Балким чын айтып жаткандыр Бир Кудай билет корбогондон кийин суйлой бербейличи Аллах баарын карап коруп билип турат ким аылса да жазасын тартышат да
0
Bekzamann
2015-02-26 12:56:56
Жанышты тааныбаган адам жок.. Булар караса элдин бийлике нааразычылыгы кучоп баратат элди алаксытыш керек болду.. Жанышты баары тааныйт. Жомок бул.
+1
deva
2015-02-26 14:20:25
эшек маселесин да ушуга удаа чыгарышты окшойт, элди алаксытыш үчүн. дайыма эле ошондой го
+1
Ergeshev.77
2015-02-26 15:25:55
Эшек саткандар да Жаныш Бакиевдин заказы экен го :-)
0
Begimkyz
2015-02-26 16:02:21
Товаа, бул Гүлжигит Кыргызстанга качан келген? Эркектей болбойбу "сыр сакта" дегенден кийиН, оозун кысып. Өлүмгө ушул Гүлжигиттин да эң чоң тиешеси бардай.
0
zamir.79
2015-02-26 16:04:39
Бул баланыкы дагы бир кездеги юпи-гейтти айтканга окшош болуп калган го.
0
baba.
2015-02-26 18:00:36
саясаттын оюуну......
0
fora
2015-02-27 01:40:10
Кантип жаныштын суроту кыргызстандан табылбады???
0
datka83
2015-02-27 20:15:23
Ж.Бакиевти тааныбашы деле мумкун. Кече жакында эле МАИде иштегендерди сынактан откоруп жатышып президент ким деп суроо беришкенде Жанторо Сатыбалдиев деп жооп бергендер болгон.
0
MARGO55
2015-02-28 00:55:33
Фууу биринчиде бирди,экинчиде 2ни,учунчудо 3догуну адашпай тандап бергенини МАЛлдес десе.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан