Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды

Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2011-жылы аталган башкармалык менен “Чынар” ишканасынын ортосунда келишим түзүлгөн. Анда мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 82 миллион сом керектелери айтылган. Бирок аудитордук текшерүүдө товардык-материалдык баалуулуктар жана кызматтардын бааларынын жогорулатылганы аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан