Жактоочу: "А.Анапияевдин жанында жүргөн Гүлжигит Абилазизов аты-жөнүн жана бетин өзгөртүшү мүмкүн"
Беларусь Гүлжигит АбилазизовдуАлманбет Анапияевдин өлүмүнө күнөөлөп коюшу мүмкүн. Муну Абилазизовдун жактоочусу Кайрат Загибаев 26-февралда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жактоого алган адамы аты-жөнүн жана бетин өзгөртүшү мүмкүн. "Ички иштер министрлиги эгерде жактоочум кааласа, өздүгүн өзгөртүүгө болорун айтты. Бирок ал азырынча кыргыз өлкөсүнөн эч кайда чыгарылбайт", - деди ал.