Бишкекте унаа дөңгөлөктөрүн уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 51 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам унаасынын төрт дөңгөлөгүн чечип, уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 32 жаштагы К.А. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.