Пара алып жаткан жеринен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин башчысынын мурдагы орун басары кармалды

Кара-Балтада пара алып жаткан жеринен И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин башчысынын мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган кызматкер окууну кайра калыбына келтирүү жана диплом алып берүү үчүн жергиликтүү тургундан 300 доллар сураган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү пара алып жаткан жеринен Кара-Балта шаарында кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alas
2015-02-26 15:40:41
Рахмат, катаны ондоп койдук
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан