Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго алдамчылык боюнча айып тагылды. Бул тууралуу 26-февралда SUPER.KG порталына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Иликтөөнүн жүрүшүндө "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн алдоо жолу менен 50 миң доллар алышкандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Кылмыш ишине башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун катыштыгы бар экендиги аныкталган.