Оштогу сауналардын биринде интимдик кызмат көрсөткөн кыздар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ош шаарындагы “Жетиген” аталышындагы сауна текшерүүгө алынган. Анын жүрүшүндө интимдик кызмат көрсөткөн бир канча кыз кармалган. Учурда жашыруун жайдын администраторуна кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Алдын ала маалымат боюнча, администратор кызмат үчүн 1800 сом алып, анын ичинен 1500 сом кызга, калганы өзүнө калчу.