Ош облусунда жол кырсыгы катталып, 10-класстын окуучусу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 15-февраль күнү Мырзаке - Кара-Кулжа унаа жолунун 13-чакырымында болгон. Анда 30 жаштагы айдоочу мас абалында унаасы менен 16 жаштагы Сүйүнбек уулу Батыйды сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.