Жумгалдагы сот отуруму учурунда жаңжал чыгаргандар соттолушту

Жумгалдагы сот отуруму учурунда жаңжал чыгаргандар соттолушту. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда жабырлануучу тараптан билдиришти.

Маалыматка караганда, сот отуруму кечээ, 25-февраль күнү болгон. Анда Токмок шаардык соту

Мааданбек Мамбеталиевди 19 жыл, Карыбек уулу Жыргалбекти 18 жыл, Жыргалбек Мамбеталиевди 16 жыл, Жээнбек Мусаевди 5 жылга эркинен ажыратып, Максат КадыровРустам Жунушалиев, Чынарбек уулу Эсен, Нурбек Мамбеталиев, Каныбек НуркамиловЖамыйла Нааматова, Камила Бейшенкулова, Эсенгул Карагулов, Эраж Кумарбеков, Каныбек Акматов, Бейшенкул Мамбеталиев, Талантбек Макеновго карата эки жыл шарттуу сыноо мөөнөтү белгиленди.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 1-декабрында Кара-Кечеде Айбек Мамбеталиев каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү деп 3 милиция кызматкери камакка алынган. 2014-жылдын 20-февралында алардын ишин Жумгал райондук соту караган. Бирок сот аягына чыкпай, маркум Айбек Мамбеталиевдин жакындары айыпталып жаткан милиция кызматкерлерине бензин чачышып, өрттөөгө аракет кылышкан. Жыйынтыгында айыпталуучулардын экөө катуу сабалып, биринин жансыз денеси 3 айдан кийин табылган эле. Ал эми 21-февралда Жумгалдагы элдик сот боюнча “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот адилеттигин жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу”, “бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү”, “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
vangolu
2015-02-26 17:22:05
окунучтуу.ошондо жээнбек мусаев 15 жылга кесилдиби?маркумдун келинчегине жаман болду.4 бала менен жесир калды.агасы 15 жылга кесилди.арман дуйно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан