Сузак районунда бир катар тургундардын үйү текшерүүгө алынып, экстремисттик материалдар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Сузак райондук сотунун чечиминин негизинде Атабеков айыл аймагынын эки, Ырыс айылдык аймагынын төрт тургунунун жашаган жери текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында баарынын үйүнөн экстремисттик маанайдагы материалдар алынган.
Жогорудагы фактылар боюнча ошол эле күнү соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнө тапшырылган.
Айта кетсек, облус аймагында “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 531 мүчөсү каттоодо турат.