Анапияевдин өлүмүнө шектелген Айбек Абдразаковдун кармалганын Беларустун Тергөө комитети тастыктай элек

Анапияевдин өлүмүнө шектелген Айбек Абдразаковдун кармалганын Беларустун Тергөө комитети тастыктай элек. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда беларустук маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, аталган комитетке Айбек Абдразаковдун кармалганы боюнча эч кандай маалымат келип түшкөн эмес.

Айта кетсек, бүгүн маалымат жыйыны учурунда Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча күбө катары суралып жаткан Гүлжигит Абилазизовдун жактоочусу Кайрат Загибаев "Алманбет Анапияевдин өлүмүнө шектелип жаткан Айбек Абдразаков Беларусь милициясы тарабынан кармалды" деп билдирген.

Эске салсак, 18-февралда Беларусь ММКлары Минск шаарындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз адамдын мууздалып өлтүрүлгөн жансыз денеси Мерседес унаасынын багажнигинен табылганын жазышкан. Ошондой эле жансыз дененин жанында Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген паспорт да болгон. 

Окуя болгон күнү Алманбет Анапияевдин жанында жүргөн Гүлжигит Абилазизов милиция кызматкерлерине 25-февралда көрсөтмө берип, Анапияевдин өлүмүнө шектүү катары бир канча сүрөттүн ичинен экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин, ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын мурунку башчысы Айбек Абдразаков жана Жаныш Бакиевдин чечен улутундагы жан сакчысы Рустам Сайдуевдин сүрөтүн көрсөткөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
jypar.i
2015-02-26 20:28:45
Бул Бакиевдер тукуму менен киши өлтүргүчтөр го. Медетбек Садыркулов деген кандай сонун адамды өлтңрдү эле Жаныш, эми чет жакта да жөн жатпаптыр да. Баягы кармалганда эле, эч адвокат бербей соттош керек эле. Ошончо кишинин каны коё бербестир. Итке ит өлүм!
0
meli12
2015-02-26 22:55:33
ушу каза болгон Алманбет Анапияев жаныштын буйрутмасы менен олтургон балдары менен деп жазылып тврат. Кан кууйт да мына эми озу олтурулду. бари бир бир куну жаныш да олтурулот го анткени адам эмне сепсе ошону орот дейт кылганыбыз баары кайтарылып келет
+1
zinger92
2015-02-27 08:53:05
meli12,кыргызда жакшы макал бар колун менен кылганды мойнун менен тартасын.
0
ainura-87
2015-03-03 09:44:10
Бакиевдер Адам олтуро алышпайт Себеби алар бийликтен Кётен.Бул кишке бийлик,Мелис Мырзага бут тоскондор кунолуу.Мелис келгенде гана заман онолот .Мелис Мырза АЛГА!Близ сизди колдойбуз.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан