Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго өлкөдөн башка жакка чыкпоо боюнча чара кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 5-январда УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин мөөнөтү 5-мартта аяктайт, андан соң иш сотко өткөрүлөт.
Бакыт Абдыкапаров "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн алдоо жолу менен 50 миң доллар алган" деп айыпталууда.