Бишкектеги кургак учукка каршы ооруканадагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан аталган оорукананын ишмердүүлүгү текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында медициналык препараттардын ашыкча колдонулганы аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.