Чүй облусунда интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу кыздарды коркутуп, интимдик катнашка барууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 26 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Анда социалдык түйүндөр аркылуу таанышкан бир жигит “интимдик катнашка барасың, болбосо жаман комментарийлер менен сүрөтүңдү интернетке чыгарам” деп коркутуп жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Чүй облусунун тургуну кармалган.
Кармалган жарандын башка кыздарды дагы ушундай эле жол менен коркутуп келгени белгилүү болду.