Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 25-чакырымында болгон. Анда Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамды сүзүп кеткен. Оор жаракаттарды алган жөө жүрүүчү аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.