“Электр станциялары” ишканасындагы коррупциялык схема аныкталды

“Электр станциялары” ишканасындагы коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылы Бишкек жылуулук электр борборунун керектөөсү үчүн 400 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча өкмөттөн тапшырма берилген. Мындан улам аталган ишкана «Кыргыз көмүр» менен 350 миң тонна көмүр жеткирүү боюнча келишим түзгөн. Келишимде 1 тонна көмүрдүн баасы 2550 сом деп бектилген. Бирок башка ишканалар бир тонна көмүрдү 2350 сомдон жеткирип келишкен. Анын кесепетинен мамлекет 50 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан