Ноокат милициясы аялды коркутуп, үйүнөн 3 сыналгысын алып кетишкен ууруларды издөөдө

Ноокат райондук милициясы аялды коркутуп, үйүнөн 3 сыналгысын алып кетишкен ууруларды издөөдө. Бул тууралуу SUPER.KG`ге жергиликтүү тургун Узакбай Кааров кабарлады. Анын билдиришинче, окуя 24-февралда түнкүсүн Кайрагач айылында болгон. Уурулар алгач электр энергиясын эсептегичтен үйдүн светин өчүрүшүп, андан кийин үйдөгү жалгыз аялды (үй ээсинин келини) бычак менен коркутуп, үйдөн 3 сыналгы жана килемдерди көтөрүп кетишкен. Эртеси милицияга арыз менен кайрылып, учурда кылмышкерлерди издөө иштери жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nur1813
2015-02-27 14:07:23
сыналгысы эмне?
-1
girlzat
2015-02-27 14:08:11
nur1813, уналгычы
-5
RNA78
2015-02-27 14:28:36
nur1813, Сыналгы - телевизор
+1
marmilantka
2015-02-27 15:07:54
Уйундо тв. мн килемдери жок окшойт еле ошого уурдап кетишкендир да
-1
Bektur2
2015-03-03 08:19:27
Дагы зордуктап кетпегенине суйунсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан