Ошто сот залынан качып кеткен айыпталуучу кармала элек

Ошто сот залынан качып кеткен айыпталуучу кармала элек. Учурда аны издөө иштери алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. 
"Качып кеткен К.Манап аттуу айыпталуучу кармалганга чейин Сокулук районунда жашап келген. Ал учурда Бишкекте болушу мүмкүн. Ошол себептен улам аны издөө иштери Ошто да, Бишкекте да жүрүүдө. Андан сырткары айыпталуучу тууралуу тиешелүү маалыматтар өлкө аймагына таратылды",- дейт Ж.Ашырбаев. 
Айта кетсек, 25-февраль күнү саат 16:45 чамасында айыпталуучу дааратканага барууга суранып, изин суутуп кеткен. Ал КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатын мыйзамсыз сактоо, колдонуу, ташуу, өндүрүү жана сатуу) менен айыпталып, соттун чечими менен эркинен 15 жылга ажыратылганы маалым. Эске салсак, кылмышкерди кармоо үчүн Ошто "Сирена" операциясы жарыяланган болчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
RNA78
2015-02-27 14:32:53
"Таппасан - сыйпалап кал",- болуптур да быягы... Сот залынан кармап олтуруп качырып жибергенинерден кийин, эми боштондукта журсо кантип кармайт экенсинер??? Таппай калдынар го???
+8
danyshman
2015-02-27 14:47:35
Кыргызстандакы бутундой туалеттерди карап чыгыш керек да,кайдакы жолдорду карабай.Ал эч качан машине менен жолдо кетбейт,ал журсо жоо жаландап журот.
0
Aizat9393
2015-02-27 15:15:00
кыскасы уятда элестетсенер соттун туалетинен качырып жибергени бир окуп кулкун келет бир жагынан зээнин кейит.побег из аажатканаго бул жагы
+3
chalkan
2015-02-27 15:25:49
Беларуссиядан карашпайбы? Эми "Тапкан тапалак"-болуп, бала бакча балдарына жардам берели, туугандар.
+6
nurjamal_94
2015-02-27 16:14:13
Качууга жардам бергендер ичинде болуш керек коз алдында качырып жибергенине караганда.
+1
Aidar.001
2015-02-27 17:32:23
Эшек минип Бишкекке келе бериптир
+3
Bektur2
2015-02-27 18:15:20
Качканын не Бишкеке жеткенден кийин билишиптирби ага чейин бары сот залында кутуп олтура беришти да ээ качан дарат канага барып келет деп карабайбы жалдырашпай
+1
macho90
2015-02-27 19:19:54
Kyzyk bolupruego sudia dagy kutup kutup ketip kalyptyrda chatak boldu dep je munu dagy bakiev kyldyvy.
+1
Aysuluuwa
2015-02-27 23:30:41
Боорум эзилгенче уулдуу, анан эххх кейидим кайда баратабыз?
0
MoXiTo
2015-02-27 23:53:04
Эх кыргызым кыргызым кандай кундорго калдын?
0
Bakulya79
2015-02-28 00:08:18
Ай достор силердин жазган коментарийлерди окуп алып боорум эзилгиче кулдум.биринен бири отуп кызыктуу экен.
0
Bakulya79
2015-02-28 00:10:31
Ал азыр Бишкекте болуш керек дегени кызыкко.орган кызматкерлери да козу ачылып кеткенго.
+1
mikinookat
2015-02-28 12:00:00
Bakulya79,биз азыр божомолдоо менен жашап калдыкко аттин,,,, бакиевдер качырган болуш керек
0
Jigitchem
2015-02-28 15:18:37
karagyla jakwy karagyla tabasynar
0
ainura-87
2015-03-03 09:53:54
Бакиев ошто болсо качырабы?Значит бул ишке оштогу бийлик кунолуу,оздору да болушуп жургонда.Эмне иш болсо эле Бакиев денег тура эмеско.Аз да болсо алардын барында жакшеле НАН жегенбизго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан