Орусияда кыргыз жараны каракчылык кылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Москва шаарынын тургуну полицияга кайрылган. Анда ал белгисиз адам кайчы менен коркутуп, акчасын алып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 20 жаштагы кыргыз жараны кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.