Ысык-Көлдө “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 3 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу
бүгүн, 27-февралда SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалгандарга карата 3 кылмыш иши козголду. Алардын үйлөрүн тинтүүгө алууда экстремисттик маанайды камтыган китеп, баракчалар, дисктер, аудио-видеоматериалдар табылган. Учурда алар теологиялык экспертизага жиберилген.
"Кармалгандарга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Айта кетчү нерсе, жыл башынан бери мындай фактылар көп катталууда", - деди Р.Сулайманов.