Борбордо адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Борбор калаада адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун Гончаров көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылган. Соттук-медициналык эксперттер ал башына алган жаракаттан улам каза тапканын аныкташкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал өлтүрүп койгон жарандын үйүндө жашап келген. Окуя болгон күнү экөө спирттик ичимдиктерди ичип, алардын ортосунан уруш чыккан. Кийин ал балка менен аны башка 2-3 жолу чаап өлтүрүп алган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кылмышка шектүү жаран буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aidar.001
2015-02-27 17:37:52
ХХХ экен го
0
admin_superstan
2015-02-27 17:44:09
Aidar.001, этика нормаларын сактаңыз!
0
Bektur2
2015-02-27 17:51:28
Боору баласы ит болбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан