Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 30 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал анын чала таанышы андан 12 миң сомдук унаанын дөңгөлөктөрүн алып, ошол бойдон акчасын бербей жатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Т.М. аттуу жаран кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.