Ошто сот имаратынан качып кеткен Манап Кайыпов кармалды

Быйыл 25-февралда саат 16:45 чамасында Ош облустук сотунун имаратынан качып кеткен жаран кармалды. Ал - Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси боюнча айыпталып жаткан 1978-жылы туулган Ош шаарынын тургуну Манап Кайыпов. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. "Ош шаары жана Ош облусунун аймагында "Сирена" операциясы жарыяланып, кылмышка шектүү изделип жаткан болчу. М.Кайыпов Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында колго түшүрүлдү",- деп билдирет мекеме. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Bektur2
2015-03-02 08:21:38
Кармалса капаска салгыла оперлердин эмгегин бааласанар дагы качырып жибербей карайлап.
+10
maks94.kb
2015-03-02 10:03:59
Эх эй биздин бийлик эмнелерди гана кылып жатышат качырышат кайра кармашат бир айдан сон баарын жайлашат
+4
paren.
2015-03-02 10:25:32
Мышык чычкан ойношотта
+1
bakyt_2015
2015-03-02 11:45:47
Ой тиги неме да бир кокуй окшойт, кача албагандан кийин тынч эле отурса болмок экен, кыргызды элдин баарына жаманатты кылбай.
-1
Bakulya79
2015-03-02 14:32:32
Кармап соттоп жиберерине ишене албай турам.алуучусун албай калдым деп сотторда тапканга аракет кылгандыр.
0
Aidar.001
2015-03-02 14:53:34
башкаларды да ушундай кармаса болобу? ,же коп акча бергендер кобуроок сайрандайбы?
+1
kama_future_millioner
2015-03-02 23:20:10
Кармагандан кийин эми жазасын бергилее кайра дагы иии качып кетти дебей
0
Ermi71
2015-03-03 12:50:54
Биздин окмот онолбойт окшойт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан