Борбор калаада зордуктоо кылмышына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 25 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Арыз ээси чала таанышы аны үйүнө узатып бара жатып, жолдон зордуктап койгонун айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары борбор шаардын тургуну кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.