Бишкекте адам тоноо кылмышына шектелген Чүйдүн эки тургуну кармалды

Бишкекте адам тоноого шектелген Чүйдүн эки тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 29 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда ал дем алыш күнү 2 белгисиз жаран күч колдонуу менен 10 миң сом акчасын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 18 жана 20 жаштагы тургундары кармалышты. Учурда алардын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экени аныкталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан