Ноокат районунда пара алып жаткан жеринен райондук соттун төрагасы жана анын жардамчысы менен катчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ноокат шаарынын тургуну кайрылган. Арыз ээси Ноокат райондук сотунун төрагасы жер тилкесине байланышкан маселесин чечип берүү үчүн 120 миң сом талап кылгандыгын айткан. Иликтөө иштеринин алкагында 33 миң сом жана 100 доллар акча каражатын алып жаткан жеринен Ноокат райондук сотунун төрагасы, жардамчысы жана катчысы кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.