Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Озёрное айылынан алыс эмес жерде болгон. Анда Хонда жана Форд үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада Форд үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.