Кара-Буура районунда зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Талас ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Кызыл-Адыр айылынын 1980-жылы туулган К.С. аттуу жараны кайрылган. Анда ал 6-февраль күнү 1997-жылы туулган кызын белгисиз адам күч колдонуп зордуктап салганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган К.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.