Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 38 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал Кашка-Суу айылынын тургуну 10 коюн алып, бербей жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1982-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.