Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жүргүнчү айым жана жаш бала жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жол каттамынан Ниссан жана Тойота үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Анын кесепетинен Тойота үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы жүргүнчүсү жана 12 жаштагы бала ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жеткирилишкен. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.