Өлкө аймагына аткезчилик жолу менен алынып келаткан минералдык жер семирткичтер алынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда бажы кызматкерлери тарабынан жалпы салмагы 12 100 килограмм жер семирткич жүктөлгөн унаа токтотулган. Аны текшерүү маалында ага тиешелүү документтер жок экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.