Ноокат районунда жергиликтүү тургунду сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы мындан бир ай мурун болгон. Анда Ноокат районунун 26 жаштагы тургунун белгисиз айдоочу БМВ унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу каза тапкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 23 жаштагы С.С. аттуу жаран кармалды.