Кадамжай районунун Ак-Кум тилкесинде чек ара режимин бузгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалгандардын үчөө Өзбекстандын, бири кыргыз жараны болгон. Алар эч кандай документи жок Өзбекстандан кыргыз жерине аткезчилик менен товар өткөрүүгө аракет кылышкан.