"Айдаркен" чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан эки өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-март күнү чек арачыларга чабандар кайрылышкан. Анда Кадамжай районунун Согот капчыгайында үч белгисиз адамдын жүргөнү кабарланган. Аталган жерге чек арачылар барышып, эки өзбек жаранын кармашкан. Ал эми үчүнчүсү Сох анклавына кирип кеткен.