Бишкекте “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү" деп шектелгендердин үйлөрү тинтүүгө алынды

Бишкекте “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү" деп шектелгендердин үйлөрү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бир нече жаран жашыруун түрдө 
уюмдун идеяларын жайылтуу менен алектенип келишкени белгилүү болгон. Алардын жашаган жерлерин тинтүү маалында экстремисттик мүнөздөгү китептер, диний-экстремисттик уюмдардын атрибуттары, буюм-тайымдар, баракчалар, дисктер, аудио-видеоматериалдар табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп, алынган материалдардын баары теологиялык экспертизага жөнөтүлдү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан